Сутка ичинде 32 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталды

Акыркы бир сутка ичинде өлкөдө дагы 32 медицина кызматкери коронавирус инфекциясын жуктуруп алганы аныкталды. Маалыматты коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова кабарлады.

Ош шаары – 9;
Ош облусунда – 7;
Жалал-Абад облусунда – 2;
Ысык-Көл облусунда – 6;
Нарын облусунда – 2;
Баткен облусунда – 6.

Ал эми бир суткада 13 медицина кызматкери ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 56 медицина кызматкери айыгып чыгышты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медкызматкерлер арасында – 2 миң 743 учур катталды, алардын ичинен 1 миң 664ү айыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан