Бүгүн, 25-июнда парламенттин жыйынында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев коронавирус жуктуруп алган медициналык кызматкерлерге компенсация төлөө боюнча маалымат берди.
Анда коронавирустан каза болгон Жүзүмкан Көкүмбаева менен Альберт Исмаиловдун үй-бүлөсүнө 1 миллион сомдон компенсация төлөнгөнүн айтты. Учурда 41 медициналык кызматкерге 200 миң сомдон компенсация төлөө чечими чыкканын билдирди.
"Атайын түзүлгөн комиссия медициналык кызматкерлер коронавирусту кандай шартта жуктуруп алганын иликтөөнү улантууда. Териштирүүнүн жыйынтыгына ылайык, кызматкерлерге компенсация төлөнөт же төлөнбөйт деген чечим кабыл алынат.
Мисалы аялы медицина тармагында иштеп, бирок илдетти айдоочу болуп жүргөн күйөөсүнөн жуктуруп алган ак халатчанга компенсация төлөнбөйт", - деп түшүндүрдү Каратаев.
Өлкөдө бүгүнкү күнгө карата 648 медициналык кызматкер коронавирус илдетин жуктуруп алды.