"Пневмонияны дарылоо 1 жарым, 2 айга чейин созулат" дейт жугуштуу оорулар боюнча адис

Пневмония илдетинен айыгуу 1 жарым, 2 айга жакын убакытка созулат. Бул тууралуу Ноокат аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы, COVID-19 илдети боюнча консультант Дилшад Мамажанов видео кайрылуусунда билдирди.

"Көпчүлүк оорулуулар илдет курчуп кеткенде кайрылып жатышат. Өпкө 1 жарым, 2 айдан кем эмес убакытта дарыланат. Бул убакытта өпкө дагы деле жабыркап жаткан болот. Көпчүлүк адамдар аны билбей эле он күн дарылангандан кийин дене табы төмөндөсө, ден соолугум чың болуп калды дешип кадимкидей жашай башташат", - дейт дарыгер.

Анын айтымында, ден соолукту калыбына келтирүү ишине көңүл бурулбаса, өпкөгө зыян алып келет.

"Мисалы өпкө 20-30 пайыз жабыркаганда дене табы бир топ жогорулап, андан кийин түшүп, оорунун белгилери жоголот. Бул бейтаптын дене табын түшүргөнүн, бирок калыбына келтирүү менен алектенбегенин билдирет.

Качан гана өпкөнү компьютердик томография же рентгенге тарттырганда бейтаптын өпкөсү көбүрөөк жабыркаганы билинет", - деди ал.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
i1urp
2020-07-30 23:22:21
Билимдуу, тажрыйбалуу врачтарга чон рахмат.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан