Бүгүн, 17-июлга карата дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын 13 миллион 744 миң 743 адам жуктуруп алды. Анын 7 миллион 670 миң 482си айыгып чыкса, тилекке каршы 588 миң 383 бейтап каза болду.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 3 миллион 563 миң 848 адамдан коронавирус аныкталды. 138 миң 267 адам каза болсо, 1 миллион 90 миң 645 бейтап айыгып чыкты.
Экинчи орунда Бразилия өлкөсү турат. Бул өлкөдө коронавирус инфекциясы 2 миллион 12 миң 151 адамдан аныкталды. 76 миң 688 адам каза болсо, 1 миллион 387 миң 537 бейтап айыкты.
Ал эми үчүнчү орунда Индия. Индияда 968 миң 876 адам вируска кабылган. 24 миң 915 бейтап көз жумса, 612 миң 815 бейтап оорудан сакайган.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.