Премьер-министр: "Ар бир жаран жоопкерчиликтүү мамилеси менен COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүгө салым кошуусу маанилүү"

Премьер-министр Кубатбек Боронов кыргыз элин Курман айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Өкмөттүн атынан мусулмандардын эң ыйык майрамдарынын бири болгон Курман айт майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Ыйык Курман айт майрамын бүткүл жер жүзүнүн мусулмандары аруу сезим, келечекке болгон илгери үмүт менен тосуп алышат.

Курман айт майрамы элдин биримдигин бекемдеп, боорукерлигин, кайрымдуулугун арттырган жана ак ниеттүүлүккө, кечиримдүүлүккө, кең пейилдүүлүккө чакырган майрам. Бул улуу майрамда айтылган тилектер, асыл максаттар кабыл болсун!

Ар бир жаран жоопкерчиликтүү мамилеси менен COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүгө салым кошуусу маанилүү. Кыйын кырдаалды биргелешкен аракеттин негизинде жеңерибизге ишенем.

Ыйык Курман айт күнүндө куттуу өлкөбүзгө тынчтык жана өсүп-өнүгүүнү, элибизге сабырдуулук, биримдик, бакубатчылык жана ар бир үй-бүлөгө чың ден соолук каалайм", - деп айтылат куттуктоодо.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ergeshev.77
2020-08-01 10:16:49
Акчадан коп коп батыраак чогултуп берсенер женебиз дегенди кагазга ороп айткан го окмотубуз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан