"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирустан каза болгондордун саны 680 миңден ашты

Бүгүн, 2-августка карата дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын 17 миллион 793 миң 532 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 10 миллион 502 миң 127 бейтап айыгып чыкса, 684 миң 75 адам каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 4 миллион 620 миң 239 адамдан коронавирус аныкталды. 154 миң 360 адам каза болсо, 1 миллион 461 миң 883 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Бразилия турат. Бул өлкөдө коронавирус инфекциясы 2 миллион 707 миң 887 адамдан аныкталды. 93 миң 563 адам каза болсо, 2 миллион 37 миң 982 бейтап айыкты.

Ал эми Индия үчүнчү орунда. Индияда 1 миллион 695 миң 988 адам вируска кабылган. 36 миң 511 бейтап көз жумса, 1 миллион 94 миң 374 бейтап оорудан сакайган.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан