Дагы 20 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды

Дагы 20 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Ош шаары – 4;
Жалал-Абад облусунда – 3;
Ысык-Көл облусунда – 5;
Баткен облусунда – 7;
Нарын облусунда – 1.

Ал эми бир суткада 8 медицина кызматкери ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 33 медицина кызматкери айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча 2 миң 829 медицина кызматкеринен COVID-19 диагнозу аныкталган. Алардын ичинен 1 миң 853 медицина кызматкери айыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан