Жалал-Абад облусу боюнча жалпы 16 медицина кызматкери коронавирусту жуктуруп алышкан. Ал эми Ала-Бука району боюнча 19 медицина кызматкери обсервацияда жатат. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде Жалал-Абад шаарында өтүп жаткан онлайн жыйын учурунда облустук медициналык штабдын башчысынын орун басары Урматбек Боржиев билдирди.
Айтымында, 16 дарыгер лабораториялык тастыктоодон өтүп, анын ичинен 12 медицина кызматкери дарыланып, үйлөрүнө чыгып кеткен. Азыркы тапта үй көзөмөлүндө 4 медицина кызматкери дарыланып жатат.
"Ала-Бука боюнча бүт анализдер такталып бүткөн. Обсервацияда азыркы тапта 19 медицина кызматкери жатат. Алардын дагы биринчи тапшырган анализдери жакшы натыйжа көрсөттү. Экинчи анализин 12 сутка болгондо алабыз. Анализ таза жыйынтыкты көрсөтсө, анда алар обсервациядан чыгарылат. Бул алдын алуу жана коопсуздукту сактоо эрежелеринин бири", - деди ал.