Дүйнөгө кеңири тараган коронавирус инфекциясы каттала элек Түркмөнстанда бет кап тагынбагандарга айып пул салына баштады. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, коомдук жайларда бет кабы жок жүргөн жарандарга 60 манат өлчөмүндө (1 миң 300 сом) айып пул салынууда. Ал эми унааны бет кабы жок башкарган айдоочуларга кошумча 50 манат (1 миң 76 сом) айып пул салынууда.
Расмий маалыматтар боюнча, Түркмөнстанда коронавирус инфекциясы каттала элек. Бирок Саламаттыкты сактоо министрлиги жарандарга бет кап тагынып, социалдык аралыкты сактоону сунуштаган. Ошондой эле өлкөдө бир катар чектөөлөр киргизилген.
15-июлда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлдөрү Түркмөнстанда коронавирус оорусун изилдеп, өлкө бийлигине коронавирус аныкталгандай чара көрүүнү сунушташкан. Мындан улам Түркмөнстанда карантиндик чаралар көрүлө баштады. Ага ылайык базарлар, ири дүкөндөр жана мечиттер жабылды. Ашхабадда ири дүкөндөрдүн жана базарлардын иштөөсүнө тыюу салынса, Лебап районундагы коомдук мекемелер, мечиттер жабылган.