Франциянын түштүгүндөгү Мартиг шаарынын аймагында ири токой өртү катталды. Бул тууралуу чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, өрт чыккан токойдо учурда 1 миң 800гө жакын өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатышат. Алардын ичинен 14ү ар кандай жаракаттарды алып, түтүнгө ууланган. Андан сырткары 2 миң 700 адам өрт чыккан аймактан эвакуацияланды. Аларды коопсуз аймакка чыгарууга жергиликтүү балыкчылар да тартылган. Учурда өрттү өчүрүү иштери уланып жатат. Аймакта болуп жаткан шамал да өрттү өчүрүүгө тоскоолдук жаратып жаткандыгы айтылууда.
Өрттүн кесепетинен миңге жакын гектар жерди өрт жалмаган. Бир канча турак үй толугу менен күйүп кеткен. Ошондой эле 90 киши (30у жаш балдар) ар кандай жарааттарды алып, ооруканага жеткирилгендиги айтылат маалыматта.