АКШдагы Исиас бороону 6 адамдын өмүрүн алды

АКШда Исиас бороону катталып, анын кесепетинен 6 адам каза болду. Мындай маалыматты аталган өлкөнүн жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.

Андагы маалыматка ылайык, бороондун кесепетинен адам өмүрүн алган учурлар Нью-Йорк, Делавэр, Мэриленд, Пенсильвания жана Түндүк Каролина штатында катталган. Түндүк Каролина штатынан Нью-Жерси штатына чейин 21 торнадо катталгандыгы айтылат.

Мындан тышкары бороондун кесепетинен 2 миллион 700 миңден ашуун адам электр жарыгысыз калган. Айрыкча Нью-Жерси штатынын тургундары жабыр тартышкан. Бул аймакта 1 миллион 300 миңге жакын электр жарыгын өчүрүүлөр болгон.

Буга чейин Вашингтон жана Нью-Йорк шаарларына Исиас бороону келе жатканы тууралуу кабар берилген. Нью-Йорк шаарынын өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын башчысы Дайан Крисуэлл абалды көзөмөлдөө жана кырсыктын алдын алуу иштери жүрүп жатканын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан