"Финансылык кыйынчылыктарга карабастан". Тажикстанда айлык маяна, пенсия жана стипендия көбөйтүлөт

Тажикстанда финансылык кыйынчылыктарга карабастан, 1-сентябрдан баштап айлык маяна, пенсия жана стипендия көбөйтүлөт. Бул тууралуу дүйнөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары расмий маалыматтарга таянуу менен жазышууда.

Ага ылайык, коронавирус пандемиясында финансылык кыйынчылыктарга карабастан, 1-сентябрдан баштап айлык маяна, пенсия жана стипендиянын көлөмү көбөйтүлөт. Анда айлык маяна, пенсия жана стипендия 10-15 пайызга, укук коргоо органдары жана аскер кызматкерлеринин маянасы 10 пайызга көтөрүлөрү айтылат.

"Ушул жылдын бюджетинен тиешелүү каражат каралды", - деп билдирген финансы министри Файзиддин Каххорзода.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Makul
2020-08-06 11:55:49
Бизде андай жаңылык түшкө да кирбей калды го((
0
Moskva93
2020-08-06 15:26:27
Президенттик шайлоо алдында ушинтип алдап койотда элди
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан