4-августта жолдон өтүп бараткандар Москванын батышындагы турак үйдүн жанынан коляскадагы ымыркайды таап алышкан.
Алар ымыркайды көрөрү менен милицияга кабарлашкан. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, ымыркай туугандар арасында түрткүнчүк болуп, ага кам көрүүнү эч ким жоопкерчилигине алган эмес. Жыйынтыгында аны таштоого туура келген.
Ал эми окуя боюнча Москва шаардык прокуратурасы териштирүү ишин баштады.