Бүгүн, 6-августта Кыргыз-Тажик чек арасында ок атышуу болгон.
Болуп өткөн окуядан Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкери жараат алып, ооруканага жеткирилген. Ал эми Тажикстандын маалымат булактары окуядан бир тажик жараны каза болгонун жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Тажикстандын каза болгон жараны 1995-жылы туулган. Анын бутуна ок тийип, жаракат алгандыгынан каза болуп калган.
Ал эми бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Мамлекеттик чек ара кызматы маалымат тактала элек экенин айтты.
Азыркы тапта Кыргыз өлкөсүнүн Баткен боюнча жана Тажикстандын Исфара боюнча чек ара өкүлдөрү жолугушуп, жагдайды талкуулап жатышат.