Кыргыз-Тажик чек арасындагы ок атышуудан кийин окуучулар, ата-энелер жана наристелер коркуп калышкан. Бүгүн, 20-сентябрда коркуп калган окуучуларга, ата-энелерге психологиялык жардам көрсөтүлүп, педагогдор балдарга сабак өтүштү.
Окуучуларга сабакты Баткен мамлекеттик университетинин Сүлүктү аймактык институтунун окутуучулары Мухаммед Садыков жана Нурмухаммед Дооранов жүргүзүшкөн.
Бул тууралуу Нурмухаммед Дооранов SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү айтып берди.
"Балдарга психологиялык сабак өтүү сунушу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан биздин окуу жайдын окутуучуларына сунушталган. Эмгек жамаатыбыз сунушту туура кабыл алып, бүгүн, 20-сентябрда аларды моралдык жактан колдоо иретинде сабактарды өтүп бердик. Элдин, окуучулардын маанайы жакшы эмес. Мындан улам, биз алардын көңүлүн көтөрүүгө болгон күчүбүздү жумшадык", - деди Дооранов.