Илон Маск Марска учуучу ракетанын прототибин сыноодон өткөрдү. Ал 150 метрге чейин учту. Бул жөнүндө чет элдик маалымат каражаттары жазышууда.
Маалыматка ылайык, "SpaceX" компаниясынын аппараты 150 метр бийиктикке чейин учуп, кайра жерге конду. Маск бул дагы ийгилик экенин билдирген. "Starship" кораблы буга чейин дагы сыноодон өткөн, бирок ал ийгиликсиз болуп калган. Муну Илон Макс "адамдык фактор" деп атаган. Азыркы учурда "SpaceX" жетекчиси мындай жетишкендикке ыраазы. "Марс баары реалдуу көрүнөт" деген ал өзүнүн Твиттер баракчасында.
Учурдагы "Starship" космостук корабль тарыхындагы эң чоң 6 кыймылдаткычы, узундугу 50 метр жана 100 экипажы бар ракета болуп калмакчы.
Кыймылдаткыч суюк кычкылтектин жана метандын аралашмасынан улам иштейт.
Сыноо үчүн учуу шейшемби күнү саат 18:57де Техас штатынын Бока Чика шаарындагы райондо SpaceX полигонунда болгон. Ошону менен бирге учуу 1 мүнөткө созулган.