Франциянын президенти Эммануэль Макрон жарылуу катталган Бейрут шаарына барды

Франциянын президенти Эммануэль Макрон жарылуу катталган Ливандын борбору Бейрут шаарына учуп барды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Франциянын президенти жарылуу болгон жерде иштеп жаткан франциялык куткаруучулар менен жолугушкан. Президенттин жардамчылары Макрон Бейрут шаарында канча убакыт болбосун калууга даяр экендигин билдирген.

Мындан тышкары Эммануэль Макрон Ливан бийлигине жарылуудан мурун эле алардын өлкөсүндөгү кырдаал өтө оор экендигин эскертти. "Жарылууга чейин эле сиздердин өлкөңүздөрдө саясий жана моралдык жактан, экономикалык жактан да, каржылык жактан да кыйын болуп жаткан", - деген Макрон.

Жарылуудан кийин Ливандын экономика жана соода министри Раул Нахме жарылууну өлкө бийлиги каржылык жактан көтөрө албай тургандыгын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан