Бүгүн, 7-августка карата дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын 18 миллион 996 миң 8 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 11 миллион 284 миң 150 бейтап айыгып чыкса, 704 миң 869 адам каза болду.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 4 миллион 877 миң 115 адамдан коронавирус аныкталды.159 миң 990 адам каза болсо, 1 миллион 598 миң 624 бейтап айыгып чыкты.
Экинчи орунда Бразилия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 2 миллион 912 миң 212 адамдан аныкталды. 98 миң 493 адам каза болсо, 2 миллион 230 миң 542 бейтап айыкты.
Ал эми Индия өлкөсү үчүнчү орунда. Индияда 1 миллион 964 миң 536 адам вируска кабылган. 40 миң 699 бейтап көз жумса, 1 миллион 328 миң 336 бейтап оорудан сакайган.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.