Александр Лукашенко коронавирусту саясий жана экономикалык согуш деп атады

Коронавирус пандемиясы адамдын ден соолугуна коркунуч жаратып эле койбостон, саясий жана экономикалык согуш болуп жатат. Бул тууралуу Беларусь өлкөсүнүн президенти Александр Лукашенко медицина кызматкерлерине мамлекеттик сыйлык тапшырып жатып айткан.

"Бардык сындагандарга жана жаман ойлорго карабастан, бирге болдук. Мен үч ай мурун эскерткендей, пандемия - бул жөн гана оору эмес. Бул оору биз бүгүнкү күндө көрүп жаткандай саясий жана экономикалык согуш", - деген Лукашенко.

Мындан тышкары Александр Лукашенко дүйнөдө коронавирус инфекциясына каршы вакцина даяр эместигине кейип жаткандыгын билдирген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан