Казакстанда сутка ичинде 547 жарандан коронавирус илдети аныкталса, 12 бейтап кайтыш болду

Казакстанда бир сутка ичинде 547 жарандан коронавирус илдети аныкталып, дагы 1 миң 66 жаранда оорунун белгилери байкалбай өтүп жатканы маалым болду. Коңшу өлкөдө оорунун белгилери байкалбай өтүп жаткан бейтаптар коронавирус менен ооругандардын жалпы статистикасына кошулбайт.

Аталган мамлекетте акыркы суткада коронавирустан 195 бейтап айыгып, үйлөрүнө чыгарылса, 12 бейтап кайтыш болду.

Муну менен Казакстанда коронавирус менен ооругандардын жалпы саны 21 миң 327ни түзсө, айыккандар 12 миң 933кө жетти. 178 бейтап каза болду.

Ал эми коронавирустун белгилери байкалбай өтүп жаткан бейтаптардын саны 16 миң 639ду түздү.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан