Армения өзгөчө абал режимин бешинчи жолу узартты

Армениянын өкмөтү коронавируска байланыштуу март айынан бери өкүм сүрүп келе жаткан өзгөчө абал режимин дагы бир айга узарта турган болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, премьер-министр Никол Пашинян "өзгөчө абал 11-сентябрда толугу менен алынат" деп үмүт артып турганын айтып, элди санитардык эрежелерди так сактоого чакырды. Ошол эле учурда өкмөт эпидемияга байланыштуу март айында киргизилген айрым чектөөлөрдү жумшартты. Ага ылайык өлкөдө 40 кишиге чейин катышкан чогулуштарды өткөрүүгө жол ачылат. Мындан ары чет өлкөлүк жарандар коронавируска тапшырган тесттин жыйынтыгын көрсөтүү менен Арменияга эркин кире алышат.

Буга чейин өлкөнүн оппозиция өкүлдөрү Пашинянды "өкмөткө каршы нааразылык акцияларын алдын алуу үчүн өзгөчө абалды узартып жатат", - деп сындаган болчу премьер-министр.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалыматына караганда, Арменияда COVID-19 пандемиясы башталгандан бери 41 миңге чукул адам коронавирус жузугуп алган, алардын 800дөн ашыгы көз жумган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан