Байден шайлоого Камала Харрис менен чогуу аттанат

АКШдагы президенттикке талапкер болчу Демократиялык талапкер Жозеф Байден Калифорния штатынын сенатору Камала Харрисди вице-президенттикке талапкер катары тандап алды. Бул тууралуу билдирүүнү ал өзүнүн Twitter'деги баракчасына жарыялаган.

"Мен жарышта өзүмдүн өнөктөшүм, жөнөкөй адамдардын коркпогон коргоочусу жана эң көрүнүктүү мамлекеттик кызматчылардын бири катары Камала Харристи тандаганымды жарыялоого сыймыктанам" - деп жазды Байден.

Ал Харрис Калифорниянын башкы прокурору болуп турганда өзүнүн уулу Бау менен тыгыз кызматташканын эскерди. "Мен алардын кандайча чоң банктар менен күрөшүп, жумушчулардын абалын жакшыртып, аялдар менен балдарды кысымдан коргоп жаткандарын байкадым. Ошондо мен алар менен сыймыктанчумун, эми мен анын ушул шайлоодо өнөктөшүм экендигине сыймыктанам", - деп билдирди Байден.

Маалыматка ылайык, Харрис АКШнын президенттигине Демократиялык талапкерди көрсөтүү үчүн күрөштө Байдендин атаандашы болгон. 2019-жылдын декабрь айында ал жарыштан кетээрин жарыялаган. Бирок кийинчерээк ал Байденди колдоп чыккан. Харрис бир нече жолу өзүн күрөштүн катышуучуларынын арасында "жалгыз өңү кара адаммын" деп атачу, анткени анын энеси Индиядан, ал эми атасы АКШга Ямайкадан келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан