Коңшу Өзбекстан карантиндик чектөөлөрдү жумшартат

15-августтан тартып Өзбекстандын бардык аймактарында күндүз автоунаалардын жүрүүсүнө, ички аба жана темир жол каттамдарына уруксат берилет. Бул тууралуу өлкө президенти Шавкат Мирзиёев билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, чектөөлөрдүн жумшарышы менен санаторий, мейманкана, музей, балдар лагерлери, сулуулук салондору, чач тарач жана үстү ачык коомдук тамактануу жайларынын ишине уруксат берилет.

Жарандар үйлөрүндө белгиленген талаптарды сактоо менен 30дан ашык эмес адамдын катышуусунда үй-бүлөлүк иш-чараларды өткөрсө болот.

17-августтан тартып аймактар ортосундагы автоунаа кыймылын жана коомдук транспорттордун ишин калыбына келтирүү пландалууда.

20-августтан кийим-кече, курулуш материалдарын саткан базарлар, ири дүкөндөр, спорттук залдар, фитнес-клубдар жана бессейндер иштей баштайт.

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык комиссия карантиндик чектөөлөр жумшартылганга чейин санитардык талаптардын алкагында ар бир ишмердүүлүктүн түрү боюнча эрежелерди иштеп чыгышы керек.

Эскерте кетсек Өзбекстанда акыркы сутканын ичинде коронавирус жуктургандардын саны 671ге жетти. Ал эми бир суткада 1 миң 569 бейтап айыгып чыкса, аталган илдеттен 6 бейтап каза болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан