Бүгүн, 13-августка карата акыркы сутка ичинде Тажикстанда 41 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Ошондой эле бир сутка ичинде коронавируска шектелип дарыгерлердин көзөмөлүнө алынган 93 адамдын ичинен 43 адам ооруканадан чыгарылды. Акыркы суткада бул ооруга байланыштуу адам өлүмү катталган жок.
Тажикстанда коронавирус инфециясы 30-апрелден тарта гана аныктала баштаган. Ал эми илдетти жуктургандардын жалпы саны 7 миң 912 адамга жетти. Алардын ичинен 63 бейтап көз жумган.