Кээ бир пилдердин салмагы көк киттин тилинин салмагынан кичине. Алсак, көк кит - дүйнөдөгү эң чоң жаныбар болуп эсептелет. Алардын салмагы 200 тоннага чейин жетет. Ал эми тилинин салмагы 4 тоннаны түзөт.
Пилдердин кээ бир түрлөрү мисалы, токой пилинин салмагы 2 тонна 700 килограммды түзөт. Мындан токой пилдеринин салмагы көк киттин тилинин өлчөмүнө салыштырмалуу кичине болот.
Белгилей кетсек, пилдер түркүмүнө карап 3кө бөлүнөт:
Токой пилдери - салмагы 2 тонна 700 килограмм;
Саванна пилдери - салмагы 6 тонна;
Азият пилдери - салмагы 4 тонна.