АКШнын президенти Дональд Трамп бир тууган агасы Роберт Трамптын каза болгонун кабарлады. Бул тууралуу дүйнөлүк маалымат булактары жазышууда. Трамптын агасы 72 жашта болгон.
"Менин бир тууганым Роберт бүгүн кечинде каза болгонун бөлүшүп койгум келди. Ал менин бир тууганым эле эмес эң жакын досум болчу. Эми биз аны аябай сагынабыз, бирок кайрадан жолуга турганыбызга ишенем. Анын элеси түбөлүк менин жашоомдо калат. Роберт, мен сени катуу жакшы көрчүмүн, тынч укта", - деген Трамп каза болгон агасы тууралуу.
Роберт Трамп 14-августта Нью-Йоркто оор абалда ооруканага жаткырылган. Ошол эле күнү АКШ президенти ооруканага барып анын абалын сураган.