Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин жээн небереси Айсултан Назарбаев бүгүн, 16-августта Лондондо көз жумганын казакстандык маалымат булактары жазып чыгышты. Өлүмдүн себеби катары Айсултандын жүрөгү токтоп калган деп кабарланды. Ага карабай, кээ бир маалымат булактары аны баңгиге ууланган деп жазышты. Бирок маалымат азырынча тастыктала элек. Айсултан Назарбаев Нурсултан Назарбаевдин кызы Дарига Назарбаева жана маркум ишкер жана элчи Рахат Алиевдин экинчи уулу. Айсултан 1990-жылы 26-августта туулган. Ал 10 күндөн кийин 30 жашка чыкмак.
Айсултан Улуу Британиянын "Сандхерст" аскердик академиясын бүтүргөн. Мекенине кайтып келгенден кийин Казакстандын Коргоо министрлигинде иштеген. 2017-жылы бир жылга чукул Казакстандын футбол федерациясынын вице-президенти болуп турган. Кийинчерээк Айсултан кызматтан кетип, коомчулукка баңги колдоноорун, ага көз каранды экенин ачыктаган. Ал бир нече ай бою Орусиядагы атайын баңгиге көз каранды жарандарды дарылай турган жабык клиникада дарыланган. Назарбаевдин небереси Улуу Британияда дагы баңгилик көз карандылыктан арылуу үчүн дарыланып жаткан.
"Айсултандын жашоосу татаал болду. Албетте мындай учурлар белгилүү үй-бүлөлөрдө болот. Жигиттин эң сонун келечек үчүн бардык нерсеси бар эле", - деп жазды анын кыска өмүрүнө аттиң кылган казакстандык журналист Наталья Садыкова.
Ал бала кезинен футболго кызыккан. 2006-жылы Казакстандын жаш өспүрүмдөр курамасынын арасында ойногон. Кийинчерээк "Челси", "Портсмут" жана "Астана" футболдук командаларынын оюнчусу болгон. Айсултан казакстандык олигарх Боранбаевдин кызына үйлөнгөн. Жубайлар 2 балалуу болгондон кийин ажырашып кетишкен. Бирок алардын ажырашуу себеби ачыкталган эмес.
Айсултан социалдык тармактагы баракчасын чындыкты айтуу үчүн гана колдоно турганын билдирип келген. Ал жеке баракчасы аркылуу Нурсултан Назарбаевге тиешелүү бир нече маалыматтарды ачыктаган. Анын социалдык тармактарга жазып жарыялаган посттору ар дайым чуулгандуу болчу. Жакында эле ал Нурсултан Назарбаевдин небереси эмес, баласы экенин айткан. Аны казак диктаторунун үй-бүлөсүнүн беделине чоң шек келтирген адам катары баалап келишкен. 2019-жылы Айсултан Назарбаев Улуу Британиянын борборундагы полиция кызматкерлерине кол салгандыгы үчүн соттолгон.
Ушул жылдын башынан баштап Айсултан Назарбаев Facebook баракчасына бир катар постторду жарыялап турган. Автор анда түрмөдө отурганын жана туугандары менен көп көйгөйлөргө туш болгонун жазып чыккан. Казакстандык журналисттерге берген маегинде өмүрүнө коркунуч туулуп жаткандыгын да билдирген.
13-февралда Айсултан жеке баракчасы аркылуу Улуу Британиядан баш паанек сурап кайрылгандыгын жарыялаган. Өзүнүн жазгандарынын биринде өлкөдөгү эң таасирдүү үй-бүлөдөгү чоң коррупциялык схемалар жөнүндө билгендигин мындан улам ага кысым көрсөтүүгө аракет кылып жатышкандыгын айткан.
Айсултан Назарбаевдин бул билдирүүлөрү боюнча үн катпай келген Казак бийлиги 13-февралда комментарий берген. Анда жергиликтүү телеканалдардын бириндеги берүүдө маалымат жана коомдук өнүгүү министри Даурен Абаев анын посттору боюнча "баңгизатына болгон көз карандылыктан дарыланып жаткан адамдын пикирине таянуу, ага карата комментарий берүүнүн өзү этикага жат келет" - деп белгилеген.