"Кайгырып турабыз.." Дарига Назарбаева уулунун өлүмү тууралуу үн катты

Бүгүн, 16-августта Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин небереси Айсултан Назарбаевдин каза болгону маалымдалган.

Казакстандын маалымат булактары Айсултандын каза болгонун жазышканы менен маалыматты анын жакындары тастыктай элек болчу.

Бир аз убакыт мурун Айсултандын өлүмү тууралуу анын апасы Дарига Назарбаева үн катты. Ал уулунун өлүмү алар үчүн чоң жоготуу экенин айткан. Бул тууралуу Назарбаеванын комментарийи Нурсултан Назарбаев фондунун расмий сайтына жарыяланды.

"Менин үй-бүлөм уулум Айсултандын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу кайгырып турат. Биз үчүн өтө оор жоготуу, коомчулук жоготуубузду түшүнүү менен кабыл алып, урмат көрсөтөт деп ишенем", - деген Дарига Назарбаева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан