Египет Ливандагы жарылуудан кийин порттогу кооптуу заттарды жок кылууну чечти

Ливандын борбору Бейрут шаарындагы ири жарылуудан кийин Египет бийлиги өлкөдөгү деңиз портторунун аймагында жайгашкан кооптуу заттарды зыянсыздандырууну чечти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Египеттин финансы министри Мохаммед Мааит мындай чечимге Бейрут шаарындагы трагедия таасир эткендигин билдирген. Портторду текшерүү учурунда бир нече кооптуу заттар бар экендиги аныкталган. Алардын айрымдары буга чейин дагы жок кылынган. Портторду декабрь айына чейин толугу менен тазалоо пландалууда.

Эске салсак Аммиак селитрасынын кампасы 4-августта Бейрут шаарындагы портто жарылган. Жарылуудан кеминде 178 адам каза болгон. 6 миңден ашык адам жаракат алса, ондогон адамдардын дайыны чыга элек. Мындан тышкары 300 миңден ашык адам үй-жайсыз калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан