Беларуста өлкө боюнча иш таштоо башталды

17-августта Минск трактор заводунун жана Минск автомобиль заводунун жумушчулары көчөгө чыгып, Минскидеги трактор дөңгөлөктөрүн чыгарган заводуна барышты.

Чет элдик басылмалар жазышкандай, ал жакка президент Александр Лукашенко барган болчу.

Жумушчулардын айтымында, президент алардын баары менен жолугушпай, цехтердин бирине чогулган "тандалма" кишилердин алдында гана сүйлөгөн.

"Айрымдар тентип жүргөнүн билем. Эми бир ишканада 150 же 200 киши аба ырайын өзгөртпөйт. Каалагандар иштесин. Көңүлү жокторду мажбурлабайбыз", - деп билдирген президент.

Буга чейин иш таштагандарга Беларусь телерадиокомпаниясынын журналисттери жана техникалык кызматкерлери кошулушкан. Иш таштагандардын эң негизги талаптарынын бири Беларуста жаңы шайлоонун өткөрүлүшү жана саясий туткундардын бошотулушу болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
expert.007
2020-08-17 20:54:18
Кыргызстандан, Ураинадан үлгү албадыңарбы. Эмнеңер кем болуп атат. Тыынч жашай бербейсиңерби
+1
Tymar
2020-08-17 22:02:55
Жакында Сокени да эл кетирет. Сокеден эч бир пайда жок.
-2
Suzak12
2020-08-17 22:24:52
Tymar,Орун алмашуудан сумма озгорбойт дегендей пусть иштейберсин Соке башка бироо келсе жыргатат беле.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан