Япония жарандарына коронавирустун үчүнчү жана төртүнчү толкундары жөнүндө эскертти

Жугуштуу оорулар кафедрасынын профессору, япониялык окмуштуу Казухиро Татеда Япон калкына коронавирус инфекциясынын үчүнчү жана төртүнчү толкунуна даяр болуу керектигин эскертти. Бул тууралуу ал бүгүн, 19-августта брифингде айткан.

"Биз азыр экинчи толкундун ортосунда турабыз. Кырдаалдын андан аркы өнүгүшүнө кылдат байкоо салуу керек. Өлкөдө да, Токиодо да оору туу чокудан өтүп жаткандай сезилүүдө. Бирок жаңы өсүштү көзөмөлдөп туруш керек. Болжолдуу түрдө, мындан кийин үчүнчү жана төртүнчү толкундар болот. Биз коронавирус шартында жашоого көнүшүбүз керек", - деген Татеда.

Акыркы маалыматтар боюнча, Японияда жалпы 57 миң 643 адамдан аныкталды. 1 миң 135 адам каза болсо, 42 миң 965 бейтап айыгып чыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан