13-апрелге карата дүйнө жүзүндө коронавирус оорусунан каза болгондордун саны 114 миң 101ге жетти. Ал эми 1 миллион 846 миң 963 адам коронавирус жуктурган.
АКШда 555 миң 398 адамдан коронавирус аныкталган. Анын 92 миң 251 жараны айыкса, 32 миң 988 бейтап көз жумду.
Испания болсо вирус жайылган өлкөлөрдүн арасында 2-орунда келе жатат. Аталган өлкөдө 166 миң 831 адам коронавирус жуктурганы аныкталып, 59 миң 109 бейтап ооруну жеңип, тилекке каршы 17 миң 209 адам каза болду.
Ал эми Италияда 156 миң 398 адамдан коронавирус аныкталып, 32 миң 534 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылса, 19 миң 899 жаран каза болду.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.