Румыниялык ырчы Тави Пустиу Инстаграмм социалдык тармагында түз эфирде болгон учурда унаасы поезд менен сүзүшүп, каза болду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматта жазылгандай, 29 жаштагы румыниялык ырчы Тави Пустиу унаа башкарып келе жатып, Инстаграмм баракчасында түз эфирге чыккан. Анын жанында жубайы дагы болгон. Мындан тышкары түз эфирде ал музыка угуп, айлананы жылмаюу менен карап жатып, поезд менен сүзүшкөн. Мунун баары анын түз эфиринде жүргөн учурда орун алган.
Окуя болгон жерде ырчы каза болгон. Анын 24 жаштагы келинчеги бир нече жаракат алып ооруканага жаткырылган. Анын абалы өтө оор деп бааланууда.
Полиция кызматкерлеринин айтымында, кырсык темир жолдун кесилишиндеги жол эрежелерди сактабагандыктан келип чыккан.
Бир ай мурун ырчы Фейсбук баракчасына "Бир күнү туура эмес поезд сени керектүү жерге алып барат" деген пост жазганы белгилүү болду.