Литванын бийлиги коңшулаш Беларусь өлкөсүнүн президенти Александр Лукашенко баштаган 32 бийлик адамына санкция салып, аймагына киргизбөөнү чечти. Өлкөнүн тышкы иштер министри Линас Линкявичюс Вилнюс аларды 9-августта өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгын бурмалоого жана нааразылык билдирип чыккандарды кыйноого катышы бар деп белгиледи.
Ал эми 20-августта Беларуста каршылык акциялары, анын ичинде иш таштоо дагы да уланууда. Ошондой эле 200дөн ашуун спортчу, машыктыруучу жана бул тармактын кызматкерлери президенттик шайлоону кайра өткөрүүнү талап кылып ачык кат жазды.
9-августтагы шайлоонун жыйынтыгында Беларусь БШКсы өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келген Александр Лукашенко жеңгенин жарыялаган. Ошол күндөн тарта шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылышууда.