Бразилияда түгөйлөр жыныстык катнаш учурунда байкабай түз эфирге чыгып алышты

Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында түгөйлөр жыныстык катнаш учурунда байкабай түз эфирге чыгып алышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Zoom программасы аркылуу шаардык муниципалдык кеңеш чогулуш өткөргөн. Чогулушта коронавирус илдети учурунда мектептеги окуучулардын тамактануусу боюнча тема талкууланып жаткан. Бир убакта катышуучулардын бири видео конференциядан чыгып кеткен. Бир аз убакыттан кийин ал түгөйү менен жыныстык катнашка бара баштаган. Ал учурда камера өчүрүлбөй калган.

Онлайн жолугушууда жыныстык катнашка барган эркек шаардык кеңештин кызматкери болгон. Анын аты-жөнү айтылган эмес.

Жагымсыз окуяга карабастан, кеңештин жети мүчөсү кесипкөйлүк көрсөтүп, кызматкерди конференциядан ажыратып салып, талкууну андан ары улантышкан. Конференция төрт саатка созулган. Окуянын күнөөкөрү кандай жаза алганы белгисиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Sema12
2020-08-20 20:02:10
Таза оо май гааад йааас йааас комо комо болуптур анда
-3
Paol
2020-08-20 20:08:47
С кем не бывает)))))))
+2
adilbars
2020-08-21 13:55:57
Проклятый коронавирус!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан