Бир сутка ичинде өлкө боюнча медицина кызматкерлери арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган жок. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Өлкө боюнча COVID-19 инфекциясы менен медицина тармагынын 4 миң 168 кызматкери жабыркаса, алардын ичинен 4 миң 75и сакайды.