Москва шаарынын борбордук көчөлөрүнүн биринде мас абалда унаа башкарып, жол кырсыгына кабылган орусиялык актёр Михаил Ефремовдун унаасын абдан белгилүү бир адам башкарып бара жаткан. Бул тууралуу актёрдун жактоочусу Эльман Пашаев орусиялык басылмаларга билдирген.
"Бул адам аныкталды. Ал абдан белгилүү, жөнөкөй эмес адам. Кийинчерээк бардыгын билесиздер", - деген Пашаев.
Ошол эле учурда, кырсыктын күбөсү катары суралган Александр Кобец аттуу жаран кырсык болгон учурда Ефремов унаанын жүргүнчү отурган орундугунда болгонун, унааны чачы кара жана кыска болгон адам (Ефремовдун чачы узун жана ак) башкарып бара жатканын айткан.
Буга чейин Ефремовдун унаасынан белгисиз адамдын издери табылгандыгы кабарланган.
8-июнда Москва шаарынын борбордук көчөлөрүнүн биринде актёр Михаил Ефремов мас абалында унаа башкарып бара жатып, каршы тилкеде келе жаткан кичи жүк ташуучу Lada унаасы менен сүзүшкөн. Lada унаасынын айдоочусу ооруканадан каза болгондугу кабарланган. Кийинчерээк ал күнөөсүн моюнуна алганы айтылган.