Өзбекстанда сасык тумоо менен пневмонияга каршы эмдөө сентябрда башталат. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөш боюнча штабдын мүчөсү, эпидемиолог Рустам Икрамовдун билдирүүсүнө таянып, жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, респиратордук оорулар күч алган күз мезгили коронавирустун айынан оор өтүшү ыктымал.
"Ооба, адамдар буга байланыштуу дүрбөлөң түшпөшү керек. Учурда мамлекеттик деңгээлде сасык тумоо менен пневмонияга каршы эмдөө иштери жүрүп жатат. Вакцинаны импорттоп, жергиликтүү эмдөөнүн жолу иштелип чыкты, иш сентябрда башталат", - деп билдирген Икрамов.
Өзбекстанда 38 миңге жакын адамдан коронавирус аныкталган. Алардын 33 миңден ашуусу айыкса, 256сы көз жумган.