Бүгүн, 25-апрелде саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов маалымат жыйында коронавирус аныкталган бейтаптардын дарылануусу боюнча айрым суроолорго жооп берди. Айтымында, оорулуулардын дарылануусу бюджеттен каржыланат.
“Коронавируска чалдыккан бейтаптар акысыз дарыланат. Бардык чыгашалар, тагыраагы дары-дармек, медициналык каражаттар жана ооруканага жаткан орундук үчүн төлөм бюджеттен каржыланат. Дарылоо оорунун түрүнө жараша төрткө бөлүнөт: жеӊил, орто, оор жана өтө оор. Илдет кандай түрдө өтүп жатканына жараша дарылоого 7 миң 988 сом (жеӊил), 16 миӊ 370 сом (орто), 74 миӊ 764 сом (оор), 118 миӊ 807 сом (өтө оор) сарпталат”, - деди министр.