Өзбекстанда бир суткада 690 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу өзбекстандык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, акыркы суткада илдеттен 6 жаран көз жумган. Жалпы каза болгондордун саны 183кө жетти. Өзбекстанда коронавирус катталгандан бери 29 миң 225 адам бул илдеттен жабыркап келет. Анын 20 миң 380и коронавирустан айыгып чыккан.