"Манас" эл аралык аэропортунда 21-августта "Авиа Траффик" авиакомпаниясынын Москва-Бишкек багыты боюнча чартердик каттамын тосуп алышты. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Каттам менен мекенине Орусиядан 159 Кыргыз жараны кайтып келди, анын ичинде жаш балдар да бар.
Аталган каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмеси кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнөн, элчиликтин кызматкерлеринен, өкмөткө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын жана ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлеринен турган комиссия тарабынан түзүлгөн.