Жаштар арасында популярдуу болгон TikTok тиркемеси АКШда иштей берүүнүн жолун табат. Бул тууралуу аталган тиркеменин башкы менеджери Ванесса Паппас социалдык тармактагы баракчасы аркылуу видео кайрылууда билдирген.
Анын айтымында, учурда компания АКШнын тургундары TikTokко кирүүнү камсыз кылуу үчүн бир нече варианттарды карап жатат. Бул багытта кандай конкреттүү кадамдарды жасашы мүмкүн экендигин айткан эмес.
"Биз бул өлкөдөн кетүүнү ойлонбойбуз.TikTok бул жерде көпкө чейин болот", - деген Паппас.
Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп Microsoft же дагы бир америкалык компания TikTok сервисин 15-сентябрга чейин сатып алышы керектигин, болбосо тиркеме өлкөдө колдонууга тыюу салынарын айткан.