"Ухан вирусу": Дүйнөдө сутка ичинде 267 миңден ашуун адам коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталды

Бүгүн, 23-августка карата дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын 23 миллион 132 миң 289 (+267 миң 416) адам жуктуруп алды. Анын ичинен 14 миллион 850 миң 347 бейтап айыгып чыкса, 803 миң 479 адам каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 5 миллион 666 миң 121 адамдан коронавирус аныкталды. 176 миң 345 адам каза болсо, 1 миллион 985 миң 484 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Бразилия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 3 миллион 582 миң 362 адамдан аныкталды. 114 миң 250 адам каза болсо, 2 миллион 913 миң 966 бейтап айыкты.

Ал эми Индия өлкөсү үчүнчү орунда. Индияда 2 миллион 975 миң 701 адам вируска кабылган. 55 миң 794 бейтап көз жумса, 2 миллион 222 миң 577 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан