Чемпиондор Лигасынын финалынан кийин "ПСЖ" футболдук клубунун күйөрмандары 2 гана саат көчөдө жүрө алышат жана калган убакытта Париж шаарына коменданттык саат киргизилет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, финалдан кийин Париж шаарынын көчөлөрүндө 3 миңден ашуун полиция кызматкери жана 300дөн ашык өрт өчүрүүчүлөр жайгашат. Чогулуп алып футбол көргөндөр сөзсүз түрдө бет кап тагынышы керек. Эрежени бузгандарга айып пул салынат.
Бүгүн түндө Европадагы беделдүү мелдештердин бири болгон Чемпиондор Лигасынын финалдык оюну болот. Оюн Бишкек убактысы боюнча 01:00дө башталат.