Коронавирус 13-июлдан 19-июлга чейин эң көп катталган. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
Маалыматка ылайык, ПЦР-анализ боюнча изилдөөдө акыркы жуманын ичинде жалпы 8 миң 718 учурдун ичинен тастыкталган учурлар 4,8 пайызды түзгөн. "Облустар аралык динамика боюнча Жалал-Абад жана Баткен облустарында жугуу темпи дагы деле жогору бойдон калууда. Динамика жакшырганы менен, кооптонуу бар. Тилекке каршы, кайрадан оору жукпайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Андыктан, тийиштүү санитардык талаптарды: бет кап кийүү, колду самындап жууп туруу, антисептик колдонуу жана социалдык аралыкты сактоону унутпаңыздар", - Каратаев.