Баткен шаарында бир нече жолу эскертүү алган коомдук тамактануучу жайлар жабылды

Баткен облусунда рейддик иш-чаралар уланууда. Жергиликтүү бийлик, санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору жана ветеринария кызматкерлери тарабынан биргеликте жүргүзүлгөн рейддин негизинде коомдук транспорттор, тамактануучу жана эт сатуучу жайлардын санитардык абалы текшерүүгө алынды.

Буга чейин түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүү берилгенине карабастан бир катар коомдук тамактануучу жайларда санитардык талаптар аткарылбагандыктан талапка жооп бербеген коомдук тамактануучу жайлар жабылды.

Рейддин жыйынтыгында жалпысынан 14 протокол түзүлүп, 50 миң сом айып пул салынды. Мындай рейддик иш-чаралар күн сайын жер-жерлерде уюштурулуп, көзөмөл күчөтүлүүдө деп маалымдашты республикалык штабдан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Almazzbek
2020-09-17 17:46:01
Ушунан ордуга агитатсияны токтотпойсунарбы,миндеген адамдар чогулуватат .эмне агитатисияда коронавирус жукпайбы же..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан