Орусиялык диетолог Елена Соломатина бир күндө 4 чыны гана чай ичүү керектигин, эгер андан көп чай ичсе ден соолукка зыян болорун билдирген. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Ал белгилегендей, мындай чектөөлөр нервдик дүүлүгүүсү барларга тиешелүү. Өзгөчө чайды демдөөгө көңүл буруу зарыл.
"Бир күндө 4 чыныдан ашык чай ичпөө максатка ылайык. Бирок ал чайды демдөө даражасына, чайдын сапатына жана адамга жараша болот", - деген ал.
Ошол эле учурда чайдан толук баш тартуу максатка ылайык эмес, себеби анда адамдын организмине керектүү пайдалуу витаминдер, антиоксиданттар, танин жана теанин бар.