Европадагы эң ири сойкукана болгон Германиянын Кёльн шаарындагы "Pascha" деп аталган сойкукана коронавирустан улам банкрот болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Бул эми ойго да келбеген иш болду. Мен шейшембиде жергиликтүү сотко банкрот болгонубуз тууралуу арыз жаздым", - деген аталган сойкукананын башчысы Армин Лобшайд.
Лобшайд эгерде келерки жылы "иш жанданып кетет" деген кепилдик берилсе, банкроттугун жарыяламак эместигин айткан. "Ар бир 14 күн өткөн сайын дагы эки аптага жылдырылып жатат. Биз ишибизди бул өңүттө уланта албайбыз", - деп билдирген ал.
Белгилей кетсек, 11 кабаттуу имаратта жайгашкан сойкуканада 120дан ашуун кыз-келин төшөк кызматын көрсөтөт. Андан сырткары укалоочулар, ашпозчулар сыяктуу кызматкерлер иштегендиги айтылып келет.