Кытайда капчыкка эң ыңгайлуу жана кубаттуу смартфондор аталды

Кытайлык “AnTuTu” смартфондор менен планшеттерди сыноо жана анын иштешин текшерүү компаниясы уюлдук телефондордун капчыкка ыңгайлуулугу боюнча рейтинг жарыялаган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Ага ылайык, 1 миң 499 юанга (17 миң 247 сом) чейинки бюджеттик шаймандар категориясында биринчи орунду Xiaomi Redmi Note 8 Pro ээледи.

Рейтингдин авторлорунун айтымында, бул смартфонго орнотулган MediaTek Helio G90T процессорунун иштөөсү заманбап 3D-оюндарын көрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Мындай заманбап жана сапаттуу көрүнүш жогорудагы баага өтө эле арзандык кылаарын баса белгилешкен. Ошондой эле алар мындай баага туура келген аппараттын сейрек кездешүүчү 64 мегапикселдүү камерасын белгилешти.

Рейтингде Redmi 9, Redmi K30 5G, Honor 9X, Redmi K30i 5G, Redmi 10X 5G, Honor Play 4T Pro, Redmi K30 жана Vivo Y5s смартфондору дагы жарыяланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан