Бүгүн, 6-сентябрга карата дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын 26 миллион 750 миң 465 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 17 миллион 842 миң 857 бейтап айыгып чыкса, 877 миң 529 адам каза болду.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 6 миллион 243 миң 911 адамдан коронавирус аныкталды. 188 миң 514 адам каза болсо, 2 миллион 302 миң 187 бейтап айыгып чыкты.
Экинчи орунда Бразилия өлкөсү турат. Анда коронавирус инфекциясы 4 миллион 92 миң 832 адамдан аныкталды. 126 миң 203 адам каза болсо, 3 миллион 498 миң 999 бейтап айыкты.
Ал эми Индияда 4 миллион 23 миң 179 адам илдетке кабылган. 69 миң 561 бейтап көз жумса, 3 миллион 107 миң 223 бейтап оорудан сакайды.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.